Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Виржиниядагы университетте аза күтүү аземи болуп өттү


Тажыяга Американын ар бурчунан келген миңдеген адам катышты. Президент Жорж Буш каза тапкандардын жакындарына мамлекеттин атынан көңүл айтты. Кечээ Виржиниядагы политехникалык университетте 32 адамды өлтүргөн адамдын ысымы белгилүү болду. Дүйшөмбү күнкү кыргынды Түштүк Кореялык Чо Сен Ху аттуу 23-жашар студент жүргүзгөн. Ал 30 чакты адамды атып, дагы ошончону жарадар кылгандан соң өзүн-өзү атып өлтүргөн. Бул окуя АКШнын тарыхында эн жаман кызыл кыргын катары калат.

XS
SM
MD
LG