Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн демографиялык проблемалары Кыргыз-Орус (Славян) университетинде 20-апрелде боло турган студенттик конференцияда талкууланат. Анын ишине КУУ, КМУ, ЧУ, БГУ, МУК, КТУ жана башка баардыгы 10 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышат. Конференциянын калыстар тобуна Россиянын элчилигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Миграция жана калкты ишке жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү киришет. Аталган университеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, конференцияда орчундуу көнүл өнүккөн өлкөлөрдө калктын картайышына жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө демографиялык кырдаалдын өзгөчөлүктөрүнө бурулат. (KCh)