Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Кырккелди Кыдыралиев билдирди. Анын айтымында, 14-апрелдеги жаңжалдын негизинде ээнбаштык боюнча бир кылмыш, жабыркагандардын арызынын негизинде бир, чагым салды деп шектелгендердин арызынын негизинде бир кылмыш козголду. Кыдыралиевдин айтымында, факт боюнча козголгон бул 3 кылмыш ишин териштирүү учурунда күбө катары бардык тараптар чакырылат. Кечээ парламентин жабык отурумунда айрым депутаттар чатакты карап туруп, токтоткон жок деп оппозициячыл төрт депутатты айыпташкан.(BuS)