Нарында областтык акимчиликтин алдында саат төрттөн өткөндө митинг башталды. Чогулгандар эки жүз элүүдөн ашты. Митингичилер Бектемир Акуновдун өлүмүнө күнөөлүү милиция кызматкерлеринин жоопко тартылбай жатканына нааразы пикирлерин айтып жатышат. Бектемир Акунов Бишкекте апрелдин башында ачкачылык акциясына катышып, андан кийин 15-апрелде Нарынга барып, милицияга кармалып калып, абакта жатып көз жумган. Туугандары аны сабап өлтүрүп койду деп милициядан шек санашууда. (KCh)