Милициянын ага лейтенанты Эрлан Искендеров өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди кармоо учурунда болгон атышууда курман болгон. Анын үйбүлөсүнө президент К. Бакиев 100 миң сом, премьер-министр 50 миң сом жана ИИМ 100 миң сом акчалай колдоо көрсөтүштү. Ал эми өлкөнүн түштүк региондорундагы милиция кызматкерлери 35 миң сом жыйнап берип жиберишкен. Бүгүн милициянын ага лейтенанты Эрлан Искендеров баатыр катары өзгөчө ызаат менен жерге берилди. (ESu)