Америкалык доллардын еврого карата курсу 2004-жылдын декабрынан берки эң төмөнкү чекке арзандады. Бүгүн Лондондогу биржада бир евро бир доллар 36 центке бааланды. Ал эми кечээ Нью-Йорктогу биржада Британиянын бир фунту соңку 15 жылда биринчи ирээт эки доллардан ашуунга бааланган эле.