Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

ПУТИНДИН МЕКЕНДЕШТЕРИН ОРУСИЯГА КӨЧҮРҮП АЛУУ ПРОГРАММАСЫ СОЛГУНДАЙ БАШТАДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын президенти Владимир Путин 2006-жылы 22-июнда кол койгон программа боюнча чет мамлекеттерде жашап аткан мекендештерин көчүрүп алуу иши башталган. Ошол программанын негизинде алты жылдын ичинде Орусия Федерациясына чукулку чет өлкөлөрдө жашап атышкан орустар жана орус тилдүүлөрдөн бери дегенде 30 миллион кишинин дээрлик көбүн көчүрүп алуу дымагы айтылган. Бирок иш жүзүнө анын солгун болуп атканы дайын болууда. Ырасмий түрдө андай мамлекеттик программанын иштей башташы алдыңкы жылдын 1-январынан тартып башталган. Ошого карабай аймактарда жаңы көчүрүлүп келген жарандардын эсеби алымсынарлык эмес дешүүдө. Бул туурасында «Эркин Европа» жана «Азаттык» үналгысынын анализчиси Jean-Christophe макала жазган.

Президент Путиндин Жарлыгы кийин мамлекеттик программа менен бекемделген. Көчүрүлүп алынган мекендештерине иш гана бербей бала-чакасына билим берүү, баарын медициналык жактан тейлеп, үстүнө үй берилет делген эле.

Мындай демилге өлкөдө элдин саны барган сайын азаюнун жолунда экени билингенден кийин 2006-жылдын ортосунда көтөрүлгөн эле. Мурдагы советтик чекте калган орус улутундагы жана орусча сүйлөгөн мекендештерибиз бар, ошолорду жыйып элибиздин санын арттырабыз деген дымак айтылып калган.
Орусиялык өкүмөт жер-жерлерге таркаткан көргөзмөсүндө: Красноярский, Приморский жана Хабаровский крайлары, Амурская, Иркутская, Калининградская, Калужская, Липецкая, Новосибирская, Тамбовская, Тверская жана Тменская облустарына көчүрүлүп алынуучу мекендештерден жарандар бөлүп алууга милдеттендирилген.

Иркутская обулусунун губернатру Александр Тишанин айтканга караганда бул жылы аймакка жарым миңден көп киши көчүп келүүгө тийиш. Алар утурумдук Братск менен Саянск калаалары, ошондой эле Тайшеттик жана Шелеховдук райондорунда жайгаштырылат. Аймакты өнүктүрүү планы иштеп азыр, өнөр жай, курулуш, токой жана айыл чарбага кол жетишпей аткан кез. Алдын ала түзүлгө долбоор боюнча обулуска 2012-жылга дейре чукулку чет өлкөлөрдөн 10 миңге чукул мекендештери көчүрүлүп келине тургандыгын айткан.

Анализчилер болжолунда бийлик каалагандай эле КМШ өлкөлөрүндө жашап аткан мекендештеринин бул жакка көчүрүп алганда да аларды кийин кармап калуу маселеси чыгат оор болот дешет. Өз ыктыяры менен көчүп келген орус же орус тилдүүнүн бул жерде эл болуп кетиши үчүн алар эңсеген жашоо-шарттын купулга толорлук эмес, ал тургай өксүк экенин айтышат. Аларды атуулдукка алуу оңой болгону менен үй-жайга жетүү милдети өз моюнунда калууда дешет.

Орусиянын лидери Указга кол коер алдында мамлекеттик сыналгыдан чыгып сүйлөп (2006-жылы 10-июнда – ММ) бул программа менен азыркы бийлик чет мамлекеттерде жашап жаткан мекендештеринин укугун коргоп алуу максатты алдыга койгонун эскерткен эле:

«Биздин милдет кандай болгондо да мекендештерибизди Орусиянын жерине топтоо эмес. Биз башка маселени чечишибиз керек. Азыр кайда жашап атса ошол жерде алардын балдары үчүн даңгыр келечек үчүн, алар ал жакта укуктары менен эркиндиги кысымга алынбашын камсыз кылышыбыз керек», - деген эле.

Жергиликтүү басма сөз каражаттары жазганга караганда ооп келип аткандардын көбү Калининград облусу менен өлкөнүн европалык өңүрүндө жашоону суранышат экен. Маселен, Калининград обулусу тандаган мекендештерине федералдык каражат эсебинен көчүп келген ал бүлөнүн жол чыгымын төлөп, 60 миң рубль жөлөкпул, андан сырткары ал бүлөдө канча киши болсо ошончосуна 20 миң рубль чөнтөк пул да берет дешет. Бирок аларга дароо үй бере коюу мүмкүн эмес экенин айтышат.

Федералдык миграциялык кызматтын Иркутская обулусутук башкармасынын жетекчиси Екатерина Игнатова «Независимая газетага» берген маалыматында азыркы тушта облуска кишилер дегинкиси акча табыш үчүн бой келишкен. Алардын арасынан 50дөн ашууну гана үй-бүлөсүн көчүрүп келүү арызын киргизишкен, бирок анын 13ү гана керектүү кагаздарын чогулта алышкан.
Кызык жери, Грузиядан көчүп келем дегендерге Кремль бут тоспой тургандыгы маалым болот, бирок аларды мекендештерди көчүрүп келүү программасына кошпоо керек деген.

XS
SM
MD
LG