Кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар делип жүргөн Мирлан Коноевдин атып өлтүрүлүшү учурда түзүлгөн саясий оор кырдаалга таасири тийбейт. Бул тууралуу президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында,окуянын Жогорку соттун жанында болушу бийликтин аброюна көлөкө түшүрөт.(AJ)