Митингиде Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Равшан Жээнбеков сөз алып сүйлөп, митингичилерди Ак үйдү басып алуу ниетинен алыс болууга чакырды. Ал бүгүн «Азаттыкка» берген маегинде дагы президент К. Бакиевдин отставкасын азыр талап кылуу реалдуу иш эмес деп белгилеген болчу. Бирок, бүгүн митингичилер Р. Жээнбековдун сөзүн жактырбай, кыйкырып, сүйлөтпөй коюшту. (KCh)