«Демократиялык күчтөр биримдиги» саясий партиясынын Ош шаардык бөлүмү өзүнүн лидери Кубатбек Байболовдун учурдагы саясий позициясын колдобой тургандыктарын билдиришүүдө. Алар бүгүн таркаткан кайрылууда президент Курманбек Бакиевдин токтоосуз кызматтан кетүүсүн талап кылуу саясий күчтөрдүн каршылашуусуна жана коомдун жиктелүүсүнө алып барат деп белгилешкен. Ошондой эле кайрылууда радикал оппозициянын учурдагы аракеттерин кооптуу кадам катары баалашты. Алар ошол эле учурда бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын сындашып, мамлекет башчысын жаңыланууга карай кадамга демилгечи боло албай жаткандыгын айыпташты. Бул жөнүндө «Азаттыкка» бүгүн ДКБ партиясынын Ош шаардык бөлүмүнүн төрагасы Асан Аттокуров билдирди. (KG)