Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

18:09 Балыкчы-Торугарт жолунун айрылышында каршылык митинги уланууда


ЫСЫККӨЛ.Нарын жана Ысыккөлдөн Бишкекке кетчү Кызылкөпүрөдөгү ушул айрылыш жолго 300дөн ашык киши чогулуп, 3 бозүй менен нааразалыкта тургандарына эки күн болду. Митингдин биринчи күнүндө жол үч сааттай толук жабылганда, капчыгайга машина батпай кеткендиктен бүгүн ар бир он мүнөттө бириккен фрончулар жүргүнчүлөргө митингдин талаптарын түшүндүрүп анан өткөрүп атышты. Талаптары Кумтөрдөн компенсация, аукцион жана тендерге коюлган жер жана кен байлыктары боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын курамына фронтчуларды да киргизүү. Ошондой эле Урмат Барктабасовду издөөнү токтотуу. Премьер министр Алмаз Атамбаевди да келсин деген жаңы кайрылуу кабыл алышты. Митингдин коопсуздугу үчүн 20дан ашык даярдалган орган кызматкерлери турат. Антимитингге топ келгендиги айтылды. Бирок жергиликтүү бийлик бул маалыматты жокко чыгарды.(RB)

XS
SM
MD
LG