«Реформа» кыймылынын лидерлеринин бири депутат Кубатбек Байболов Бишкектеги митингичилерге байланышкан кырдаал алардын да көзөмөлүнөн чыгып баратканын, эгер кырдаал башкача болуп кетсе ага биринчи иретте бийлик жооп берерин билдирди. «Тогуз күндөн бери эл реформаны талап кылып турат, алардын да убал сообу бар да. Болбосо 38 ыйгарым укугунан эки ыйгарым укугун эл менен бөлүшүп койсо эмне болот эле. Ошол ыйгарым укуктарын сактап калыш үчүн бул элдин теңин кырганга да макул го деген ой кетип атат. Кырдаал ар кандай болушу мүмкүн, жоопкерчилик биринчи кезекте Бакиевдин өзүнө жүктөлөт»,- деди Кубатбек Байболов. (KCh)
20:37 Кубат Байболов: Кырдаал биздин көзөмөлдөн да чыгып баратат, кырдаалды Бакиев ойлосун