«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун лидерлеринин бири, депутат Темир Сариев элди эртеңкиге чейин тынч тарап кетүүгө милиция мүмкүнчүлүк бербегендигин, учурда премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен борбордук аянтта болуп өткөн окуя тууралуу сүйлөшүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Мындан мурдараак милиция бөтөлкө, таш ыргыткан митингчилерге карата газ гранаталарды колдонушкан. (IJz)
21:40 Темир Сариев: Милициянын курал колдонгону тууралуу премьер-министр менен сүйлөшүү аракетин кылып жатам