Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

19:45 Кубатбек Байболов: Мени бийлик, Бакиевдин бир туугандары жок жерден жаманатты кылып жатышат


«Реформа» кыймылынын мүчөсү Кубатбек Байболов аны ишемби күнү Өкмөт үйүнүн жанында болгон мушташ жөнүндө жок жерден жаманатты кылып жатышканын «Азаттыкка» билдирди. Депутаттын айтымында, ишемби күнү Өкмөт үйүнүн жанындагы кагылышууга анын эч кандай тиешеси жок. «Мен аянтка чыр-чатак, мушташ бүткөндөн кийин келгемин. Ошого карабастан, менин атымы байлап жаманатты кылганга аракет кылып жатышат. Кайсы баланы кайсыл жагдайда турганын көрө турган акыбал беле. Биз министр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканбыз. Ал балдар таякты Ак үйдүн жанынан жешкен да. Биз Темир Сариев экөөбүз кечигип министр Ногойбаев сүйлөп жатканда келгенбиз Киев көчөсү тарабынан», -деди Кубатбек Байболов. (KCh)

XS
SM
MD
LG