Бириккен фронттун лидерлери Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Субаналиев, Мелис Эшимканов «24.kg» агенттигинде шашылыш маалымат жыйынын өткөрүп, Бишкекте бүгүн болгон тополоңду бийликтин чагымчылык иш-аракеттеринин натыйжасы деп билдиришти. Феликс Кулов чыр-чатактар менен тополон бийликтин жоопкерчилигинде деп айтты. «Бул Бакиевдин бийлиги талкаланып баштаганын билдирет»,- деп баса белгиледи Мелис Эшимканов. (KCh)