"Ошондуктан биз митингди таркатуу максатында Акүй алдынан кете баштаганбыз. Биздин Акүйдү алуу максатыбыз болгон эмес. Ал эми чагымды бийлик атайын уюштурган деген ойдобуз",- деп белгиледи Сариев. Анын айтымында, митингди таратуу учурунда бир адам жабырланып, ооруканада жатат. Ал эми таш тийип эсинен кеткен милиция кызматкери өзүнө келди. (AiT)
11:05 Т. Сариев: 19-апрелде Акүй алынат деп кабар тарап, радикалдар келе баштаганы кабарланган