Луиза Арбурдун иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Бириккен улуттар уюмуну ортосунда адам укугу боюнча кызматташтыгы талкууланат. Бишкекте Улуттар уюмунун Орто Азиядагы адам укугу боюнча аймактык бөлүмүн ачуу маселеси каралат. Мамлекет башчы, өкмөт жана парламент адам укугунун корголушу үчүн кандай чараларды көрүп жатканы туурасында маалымат алат. Луиза Арбур Кыргызстанда 24-25-апрель күндөрү болот жана ал андан кийин Казакстан, Тажикстан, ошондой эле Түркмөнстанга барат. (EBM)