Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:07

АВА МЕНЕН ЖОЛ ЖҮРҮҮДӨ ОРУСИЯНЫН УЧАКТАРЫ АБДАН КӨП КЫРСЫККА УЧУРАЙТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Эл аралык ава жол транспортунун ассоциациясы (IATA) шейшембиде ар жыл сайын чыгаруучу жыйынтыгын жарыялады. Ал докладда көрсөтүлгөн маалыматка караганда ава менен жол жүрүүдөгү дүйнөдөгү кырсыкка эң көп учураган аймактар болуп мурдагыдай эле КМШ өлкөлөрү менен Орусия эсептелишет.

2006-жылы жүргүнчүлөрдү ташуучу учактардын кырсыкка учурашы жана кыйрашы орто эсептен алганда 1 миллион жолку учуунун 0,65 пайызын түзгөн. Орусия менен КМШ өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 13 эсеге жогору болуп чыккан.
Бул көрсөткүч Африка өлкөлөрүндө эки эсе төмөн экен. Африка өлкөлөрүндө 2005-жылы мындай көрсөткүч 9,2 пайызды түзсө былтыр кырсыкка учуроо 4,3 пайызга ылдыйлаган.

Ырас, ассоциациянын (IATA) докладында орусиялык жана Шериктештикке кирген өлкөлөр учактарынын батыштык авиалайнерлерде болгон гана кырсыктар тизмеге алынган. Орусиялык учактардын сапаты кыйла өйдө экени дайын болот.

Экспертер айтканга караганда, Орусияда азыркы тушта күнүгө жолго чыккан 2,5 миңдей ава кемелери 60-70-жылдар курулган учактар. Алардын жүргүчүлөрдү ташуусу жалпы эсептен алганда 60-62 пайызга жетет. Жаңы муундагы кеме болгону 36 гана даана, алардан сырткары «четтик» 150дөй «аэробус» жана «боингдер» бар. Алардын жүргүнчүлөр менен жүк ташуусу жалпы эсептен алганда 30 пайызды түзөт. Бирок өлкөдөгү беш ар башка учактык компаниялар баасынын арзандыгына карап четтик учактардын урунгандарын сатып алып анын үстүнө аны айдоочуларды кайра даярдоого маани бербей атышынан кырсык арбын болорун айтышат.

Былтыр июл айында Иркутскиде, андан кийин августа Украинада орусиялык учак кыйрап 290 киши каза болгон учурларды айтса болор.

Эл аралык ава жол транспортунун ассоциациясынын (IATA) иликтөөлөрнө караганда кырсык жана кыйроо экипаждын кетирген катасы жана учактын тулкусунун бузулуш ошондой эле англис тилин дурус билбегендиктен улам болгон делиент.

Петербургдагы граждандык учактар университетинин ректору Михаил Смуров айтканга караганда, четтик техника келгенден тартып учкучтарды кайра окутуу иши башталган, бирок каражат тартыш болгондуктан ага көз жуумп мамиле жазоо болуп атат дейт:

«Бизде (кайра даярдоо үчүн – ММ) учкуч 150 саат машыгууга тийиш. Бүйжеттин чамасы чак болгондуктан машуу үчүн 60 гана саатка каражат бөлүнгөн», - деген «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде.

Ырасмий булактар таркаткан маалыматтарда Орусия учкучтарды кайра даярдыктан өткөрүү үчүн бөлүнчү каражатты көбөйтөрү айтылат. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Украина менен Казакстанда абал ошончо эле жаман эмес экенин орусиялык учактарды сыноочу Вадим Базукин айтат:

«Казакстан учактык тармагы эң мыкты даярдыктан өткөн өлкө экенин мен билемин. Эмне дегенде ал биринчилерден болуп Британиялык учактарды сатып ала баштаган. Украинанын да учактары мыкты деп жүрүшөт».

Орусияга кайра келсек, бүгүн, 20-апрелде, Уфа калаада москва убактысы боюнча эртең мененки сат 8ден 46 мүнөт өткөндө Көгалымдан жүргүчүлөрдү тартып келген Ту-154 кемеси учак конуучу майдандын чегинен чыгып барып томолонуп кеткен. Бирок ичиндеги 170 жүргүчү аман-эсен дешүүдө.

Сал мурдараакта РИА «Новости» агенттиги жазганга караганда Сыктывкардан Воркутаны карай жол алган Ан-24, авада баратканда бир мотору бузулгандыктан, ара жолдо, Ухтанын учактар майданына конууга аргасыз болгон. Анын да ичиндеги 20 жүргүнчү аман-эсен деп айтышууда.

XS
SM
MD
LG