Бул тууралуу “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Артур Капаров баш болгон атайын кызматтын өкүлдөрү Байтик айылына келишип, Куловду Улуттук коопсуздук кызматына алып кетүүгө аракет жасашкан. Бирок айылдаштары буга жол беришкен эмес. Феликс Кулов учурда Байтик айылында турат. Анын эки жип маркасындагы автоунаасын Улуттук коопсуздук кызматы камакка алып койгон, деп белгиледи Эмил Алиев. (AiT)