Шаардык сот Али Инсановду саламаттык сактоо министри болуп турган учурунда пара алган,финансылык аксымдыктарды жасаган жана мамлекеттин 30 миллион долларга барабар каражатын кымтып алган деп тапты. Инсанов менен кошо 2005-жылы камалган он бир кишини да сот президент Илхам Алиевди бийликтен кулатууну көздөгөн оппозициянын кутумдугун колдогону үчүн айыпка жыкты.