Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:55

10:51 Нарында пикет өтүп жатат


Нарын шаардык администрациясынын алдында эки жүздөн ашуун адам пикетке чыкты. Алардын максаты Б.Акуновдун өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткан тартип сакчыларын коргоо. Эскерте кетсек Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча эки милиция кызматкери камалган. Пикетчилер буга каршы экенин билдиришип, элди коргогон тартип сакчыларынын камалганы негизсиз дешүүдө. Ошондой эле чогулгандар Б.Акуновдун өлүмүнө “Бириккен фронттун” да тиешеси бар, анткени алар анын коопсуздугуна кепил болуп, ачкачылык бүткөндөн соң үйүнө өздөрү алып келиши керек эле дешүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын" Нарындагы кабарчысы билдирди. (AiJu)

XS
SM
MD
LG