Президент Виктор Ющенко конституциянын жаңы редакциясын референдумга чыгарууну сунуш кылып,шарт кабыл алынса, анда Жогорку Раданы таркаткан жарлыгын кайра жандырганга даяр экенин ырастады. Бул тууралуу кечээ премьер-министр Виктор Янукович өз тарапкерлерине маалымдап, жарлыктын мыйзамдуулугун же мыйзамсыздыгын конституциялык сот гана аныктай турганын айтты.