19-апрелдеги акүйдүн алдында болуп өткөн тополоң жана өлкөдөгү бир катар маселелер боюнча премьер-министр Алмазбек Атамбаев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. Анын ырасташынча, Бириккен фронттун лидерлери 19-апрелде чектен чыккан иштерге жол беришип, жаш балдарды борбордук аянтка алдап алып чыгышкан. «Ошол митингди уюштурган чоңдору кутулуп кетет, кайра эле баягы алданган адамдар жооп берип калат. Бирок, ошол айнек-терезелерди, жөн турган машинелерди талкалаган адамдар жооп бериши керек. Башкаларга да сабак болсун»,- дейт А.Атамбаев.(IJz)