ЕККУнун Бишкек кеңсесинин маалыматына караганда, бүгүн ЕККУ төрагасы Ош облусунда жүрөт. Иш сапардын учурунда ал Ош облустук губернатору Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуп, түштүк аймактын коомдук-саясий турмушу менен таанышмакчы. Кечээ ЕККУ төрагасы Бишкекте Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов, премьер министр Алмаз Атамбаев, Тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен, Жарандык коомдун лидерлери менен жолугушуп, тараптар Кыргызстандагы саясий кырдаалга конституциялык реформага байланышкан маселелерди талкуулашкан. (BuS)