АКШ президенти Жорж Буш демократтардын сенаттагы лидери Харри Риддин “Америка Ирактагы согушту уттурду» деген айыптоолорун четке кагып, алга жылуулар жок эмес деп ырастады. Ошол эле маалда коргоо министри Роберт Гейтс Ирактагы сапары учурунда «согуш түбөлүккө созула бербейт» деп билдирди. Министрдин айтымында, Багдадда коопсуздук орнотууга багытталган жаңы чаралар канчалык натыйжалуу экенин айтууга азыр эрте. Үстүбүздөгү аптада Ирактын баш калаасында эң кандуу теракттар орун алып, 200дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Өткөн жумада болсо катуу кайтарылган Жашыл зонадагы парламенттин имаратында жардыруу болгон.