Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Иракта сунни лидерлери Фаллужа шаардык кеңешинин төрагасынын өлтүрүлүшүн айыпташты


Ирактын Ал-Анбар чөлкөмүндөгү суни лидерлер Фаллужа шаардык кеңешинин төрагасынын өлтүрүлүшүн катуу айыпташты. Сами Абдул Амир Ал-Жумали кечээ үйүнүн жанына атып өлтүрүлгөн. Соңку 14 айдын ичинде бул - киши колдуу болгон 4 расмий адам.
Биргелешкен билдирүүсүндө Ал-Анбардын губернатору Маамун Сами Рашид Ал-Алвани жана облусттук кеңештин төрагасы Абдулсалам Абдулла бул өлтүрүү Ирак элине каршы кылмыш деген баасын беришти.
Америкалык аскерлердин чыгыш ирактагы кол башчысы Валтер Гаскин ал-Жумали Фаллужаны калыбына келтирүүнү, бакубат турмуш орнотууну чың жүрөктөн каалаган деп билдирди.

XS
SM
MD
LG