Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Кечээ Москвада 2 миңден ашуун адам Лениндин туулган күнүн белгиледи

Кызыл аянтта чогулгандардын көбү жаш балдар, улгайган адамдар жана коммунисттик партиянын өкүлдөрү болду деп кабарлады НТВ телеканалы. Владимир Лениндин 137-туулган күнүндө алар бул адамдын жасаган иштерине жогорку баа беришти. Анын аралыгында Калининград шаарында Лениндин эстелиги 2004-жылы оңдоп-түзөө үчүн алынгандан кийин кайра орнотулду. Шаардын мэри Юрий Савченко “Ленин биздин тарыхыбыз. Тарых менен күрөшүү мүмкүн эмес” экенин айтты.
XS
SM
MD
LG