Анын алкагында Гейтс бир катар бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрмөкчү. Жолугушууларда тараптар АКШнын ракеталардан коргонуу системасынын айрым бөлүктөрүн Польша менен Чех Республикасынын аймагында жайгаштыруу планын талкууга алышы күтүлүүдө. Вашингтон коргоо системасы Европанын коопсуздугун бекемдетет деп айтат. Орусия АКШнын планын сынга алып, каршы чыгып келет.