KITF деп аталган көргөзмө-жарманке 26-майда Алматы шаарында башталат. Мындай эл аралык көргөзмө өткөн жылы Бишкекте өткөн. Кыргызстандын туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Акбар Жигитовдун айтуусунда былтыр эл аралык көргөзмө-жарманкенин жемиши жакшы болуп, өлкөгө 1 млн дон ашуун турист келүүсүнө шарт түзүп берген.
Ошондой эле 12-14-апрель күндөрү Орусияда болуп өткөн “Турсиб-2007” эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргызстан баш байге—чоң алтын медалын жеңип алган. (ZKo)
Ошондой эле 12-14-апрель күндөрү Орусияда болуп өткөн “Турсиб-2007” эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргызстан баш байге—чоң алтын медалын жеңип алган. (ZKo)