Кыргыз парламентинин мурдагы спикеринин сунушу боюнча бийлик менен оппозиция бейтарап үчүнчү күчтөрдүн катышуусу менен тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдашуу же меморандум өндүү бир документке кол коюшу керек. Ал документте конституциялык реформаны ишке ашыруунун жол-жобосу жана бийликтин легитимдүүлүгү сыяктуу талаш маселелерди чечүүнүн эрежелери, процедуралары жана мөөнөттөрү көрсөтүлүшү керек. «Өз учурунда Испания, Польша, КНР жана Россия ушундай жол менен өлкөдө тынчтыкты жана туруктуу абалды сактап калышкан. Бийлик менен оппозиция өздөрүн эле ойлобой, жеке доомат-дымактарын кагыштырбай, эң оболу эл жана мамлекет жөнүндө ойлонушу абзел. Башка жолдор- айрыкча жаатташуу жана күчкө таянуу жолдорунун келечеги жок, алар мыйзамсыз жана ыймансыз»,-дейт А. Эркебаев бүгүн АКИпресс агенттигинде сүйлөгөн сөзүндө. (KCh)
13:19 А.Эркебаев бейтарап күчтөрдүн катышуусу менен бийликти жана оппозицияны кепке чакырды