Бул тууралуу гезиттин башкы редакторунун орун басары Айнагүл Сапарбекова билдирди. «20-апрелде Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүсүнүн чечими менен гезиттин бир санынын бардык нускасы камакка алынган.Азыр мына ошол кайталанбайт деген кепилдик жок. Ошондуктан биз мыйзамдык териштирүүлөр соңуна чыкканга чейин чыкпай турууну чечтик» , деп белгиледи Сапарбекова. Ал эми 20-апрелде бүт нускасы камакка алынган «Кыргыз руху» гезити болсо келерки санын басуууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу редактордун орун басары Болот Таштаналиев билдирди.(AiT)