Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

19:31 Алмаз Атамбаев оппозицияга репрессиялык чаралар болбосун деп укук коргоо органдарын эскертти


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев бүгүн бир катар бейөкмөт, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушуу учурунда премьер-министр оппозиция лидерлерине саясий куугунтук, репрессиялык чаралар болбосун деп укук коргоо органдарынын жетекчилерин чакырып эскерткенин билдирди. Ошол эле учурда Алмазбек Атамбаев 19-апрелде борбордук аянтта мас болуп алып, массалык тополоң чыгарган ээнбаш жаш балдарды таап жазалагыла деп айтканын белгиледи. «Шаарды талкалап жаткандарга биз эмне үчүн медаль менен гүл беришибиз керек. Алардын жазасын колуна бериш керек, мыйзамдуу түрдө»,-деп белгиледи премьер-министр. (KCh)

XS
SM
MD
LG