Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

АКШнын Ирактагы элчиси Багдаддагы дубал жарандарды коргоо үчүн куурулуп жатканын билдирди


БАГДАД. АКШнын Ирактагы элчиси америкалык аскерлер Ирак өкмөтүнүн суннилер менен шиилерди бөлүп турган дубал жөнүндө айткан каалоосун эске ала турганын билдирди. Бирок элчи Раян Крокер Багдадды экиге бөлүп турган дубалдын курулушу токтотулаар-токтотулбасын айткан жок. Ал ошондой эле дубал жарандарды жиктөө максатын эмес, коргоо максатын көздөп жатканын билдирди.
Иракта ар түрдүү кол салуулардан баары болуп 23 киши набыт кетти, 43 киши жарадар болду. Кол салуулар Мосулда, Багдадда жана Бакубада орун алды.

XS
SM
MD
LG