ПАРИЖ.Франциядагы президенттик шайлоодо азыркы башкаруучу коалициянын өкүлү, оңчул канаттагы талапкер Никола Саркози шайлоого катышкандардын добушунун 31 процентине ээ болду, ал эми анын атаандашы, социалисттик партиянын талапкери Сеголен Руаялга добуштардын 26 проценти тийди. Шайлоого шайлоочулардын 84 проценти катышты.Шайлоонун экинчи айлампасы 6-майда болот.