Кечээ Ереванда өткөн тажыяга миңдеген адамдар чогулду. Алар 20-кылымдын башында Оттоман Түрктөр жүргүзгөн кыргындын курмандыктарын эскеришти. Ал кыргында 1,5 миллионго жакын армяндардын өмүрү кыйылган. Армения менен дүйнөнүн дагы 20 өлкөсү муну геноцид катары баалашат. Түркия ал окуяны геноцидге теңөөгө мүмкүн эмес экенин билдирип келет.