Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:58

Орусиянын коргоо министри АКШнын анти-ракеталык системасы аймактык жана глобалдык коопсуздукка коркунуч алып келет деп эсептейт


Мындай билдирүүнү Анатолий Сердюков АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс менен Москвада жолугушкандан кийин жасады..Кечээки жолугушуу маалында Гейтс АКШнын Европада жайгаша турган анти-ракеталык системасынын айрым элементтери Орусия эмес, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Батыш Азиядагы “кол салууга аракет кылган” өлкөлөргө багытталганын билдирди. Пентагон башчысы Кремлди коргонуу жаатында кызматташууга көндүрүү үчүн Москвага келген. Гейтс кечээ Орусия президенти Владимир Путин менен да жолукту.

XS
SM
MD
LG