Бул уюмдардын өкүлдөрүнүн айтымында, гезиттердин нускаларын камакка алуу Акаевдин доорунда да болгон эмес. Андан сырткары 11-апрелден тарта 19-апрелге чейин созулган митинг учурунда бир катар журналисттер ур-соккуга алынып, өзүнүн кесиптик милдетин аткаруусуна тоскоолдук жасалган. «Бийлик да, оппозиция да бул маселе боюнча пикирин айтып, журналисттерди коргоого алган жок», деп белгиледи «Журналист» коомунун өкүлү Марат Токоев. (AiT)
11:42 «Журналист» коомдук бирикмеси жана «Медиа институт» «Агым», «Кыргыз руху» гезиттеринин 20-апрелдеги нускаларынын камакка алынышын айыптады