Жыйырма төртүнчү апрелде нөшөрлөгөн жамгыр жашы күтүлүүдө. Анын айынан Ош, Жалалабад, Баткен,Чүй жана Талас облустарында селдин жүрүшү күтүлүүдө. Буга чейин өлкөнүн түштүгүндө селден улам миңге жакын үй зыян тартып, учурда Чукул кырдаалдар министрлиги тарабынан калыбына келтирүу жумуштары жүрүп жатат. Жабыр тарткан үй бүлөлөргө азык-түлүк, кийим-кече жана акчалай жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу ЧКМ басма сөз катчысы Алишер Ташманбетов билдирди. (AiJu)