Иммиграциялык бийликтер өзүн Кыргызстандын мылтык атуучулар командасынын мүчөсү катары тааныштырган аялды кечээ кармап, дагы 18 “спортчуну” издеп жүрүшөт. Бул топтүн мүчөлөрү Эл аралык мылтык атуу федерациясы уюштуруп жаткан мелдештерге катышуу шылтоосу менен Кореяга кирип, бирок көп узабай жоголуп кетишкен. Бийликтер изилдей келгенде, табылбай жаткан кыргыз жарандарынын спортко такыр тиешеси жок болуп чыккан. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы консулу Мурадил Эшалиев буга чейин кыргыз спортчулары Кореяда жоголуп кеткен учурлар көп болгонун, мындай окуялар Кыргызстандын аброюна жана өлкө аралык алакаларга доо кетирип жатканын билдирди.
Түштүк Кореяда бийликтер Кыргызстандын жалган “мылтык атуучулар командасын” издеп жүрүшөт