БУУнун атайы өкүлү Марти Ахтисаари Косово аймагына эгемендик берүү долбоорун Коопсуздук кеңешке өткөн айда сунуштаган. Орусия бул долбоорго вето коерун билдирген. Аймактын премьер-министри Агим Секу кечээ билдиргендей, Орусия Косовонун көз карандысыздыгына жок дегени менен бүткүл эл аралык коомчулукка, өзгөчө Америка менен Британияга кыр көрсөтүп жатат.