Бул тууралуу “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын маалыматы боюнча, акцияда “Саясий туткундарга эркиндик”, “Сөз эркиндиги сакталсын”, “Мыйзамды сыйлаган өлкөдө жашагыбыз келет” ураандар жазылган плакаттар көтөрүлүүдө. Нааразылык акциясына чыккандар “Бириккен фронттун” мүчөлөрүнүн бири Адилет Айтикеевдин 2 айга камалышына нааразылык билдирип, УКМКнын мындай чечимин сотко беришерин маалымдашты. Акцияга 20га чукул киши катышууда жана алардын саны түшкө жуук көбөйөөрү айтылууда. (AiT)