Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:53

19:35 Жалалабатта апрель митингилеринин сабактарын талкуулашты


Талкууда айтылгандай, митинг, пикетке чыккан жумушсуздар менен аялдар саясий амбициялуу жана бийлик-байлыгы бар адамдардын куралына айланууда. Өлкөнүн бүтүндүгүнө аймактык жана улут аралык мамилелерди парламентке, маалымат каражаттарына алып чыккан саясатчылар шек келтирүүдө. Облустук "Аялзат" борборунун төрайымы Канышай Мусалиева “Ө.Текебаев, М.Эшимканов, Т.Сариев өңдүү депутаттарды Бишкектеги митингди каржылаган" - деп болжоп, саясий акчаларга жумшаган байлыктарын көчөдөгү кароосуз балдарга, табият кырсыгынан жабыр тарткандарга жумшаса болбойт беле деген пикирин билдирди. Улуттук идеологиянын начардыгынан коррупция күчөп, жаштарды патриоттулукка тарбиялоо өксүдү. Орусияда иш издеп тентип жүргөндөрдүн айынан улут келечегине доо кетип жатканы, конституциялык
реформанын зарылдыгы белгиленди. Депутаттар менен президенттен, соттордон кол тийбестикти алуу, депутаттардын санын чектөө, гендердик теңчилик, маалымат каражаттарынын бир жактуу маселеси көтөрүлдү. Митинг-пикеттерге 1 жылга мораторий киргизүү сунушу колдоо тапкан жок. (YA)

XS
SM
MD
LG