ПЕТEРБУРГ. Петербургда оппозициянын 10 чакты активисти кармалды. Бириккен Фронттун өкүлдөрү Петербург шаарынын мыйзам чыгаруу жыйынынын имаратынын алдында пикет уюштуруп, ага шаардын милиция башчысын чакырып, милициянын 15- апрелде өткөн демонстрацияны кубалап таркатуудагы аракеттерин түшүндүрүүнү талап кылышты. Ал эми Мамлекеттик думада "Макул эместер" маршинын катышуучуларын ур токмокко алуу жана камоо ишин иликтөө боюнча комиссия түзүлдү.