НЬЮ- ЙОРК. АКШнын Бириккен Улуттар уюмундагы жаңы өкүлү Залмай Халилзат Нью-Йоркто пресс конференция өткөрүп, алдына койгон максаты жөнүндө баяндады. Менин максатым АКШнын эл аралык маселелерди жөнгө салууга көбүрөөк кийлигишүүсүн камсыз кылып, Ирактагы жана башка жаңжалдуу региондордогу абалды жакшыртуу, деп айтты Халилзад. Экинчи маселе -Судандагы абалды туракташыра турган шарттардын аткарылышын камсыз кылуу, деди ал.