Бул тууралуу маалымат Жогорку Соттун иш кагаздар бөлүмүнөн алынды.Ал эми талапкердин өкүлү Канышай Мамытова иш бүгүн саат 15:00те каралары күтүлүп жатканын «Азаттыкка билдирди.Округдук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Акаеванын шайлоого катышар-катышпасы Жогорку Соттун чечимине жараша аныкталат. Кемин райондук соту буга чейин Кемин округунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышып жаткан Бермет Акаеваны каттоодон алып салуу жана калтыруу тууралуу эки башка чечим чыгарган. Мунун негизинде талапкер Жогорку Сотко арыз жолдогон.(BuS)