Муну укук коргоочулар акцияны улоого мүмкүнчүлүк берилбегендиги менен түшүндүрүштү. Бириккен фронттун өкүлдөрүн Коопсуздук кызматынын камагынан бошотуу талабын койгон жүз элүү чамалаш киши саат он бир чамасында Коопсуздук-Кызматы – Жогорку Кеңеш - Өкмөт үйү – Башкы прокуратура багыты боюнча жүрүшкө чыгышкан. Жогорку Кеңештин имаратынын жанында аларды эки жүз тегерегиндеги милиция курчоого алып, жарым саатка чейин кармап турушту. Укук коргоочулар акциясын эртең улантмай болушту. (BuS)