Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Франсуа Байру Франция президенттигине талапкерлер Николя Саркози жана Сеголен Руаялды колдобойт


Шайлоонун биринчи айлампасында Саркози жана Руаялдан кийин үчүнчү болуп келген Франсуа Байру алардын бирөөсүн да колдобоорун кечээ маалымат жыйынында билдирди. Байру өзүнүн тарапкерлерине 6-май күнгө белгиленген президенттик шайлоонун экинчи айлампасында кимге добуш берүүгө эч багыттама бербестигин айтты. Мындан сырткары ал өзүнүн “Орточул демократиялык партиясын” түзүп, келе жаткан парламенттик шайлоодо күч сынашмакчы. Жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Франсуа Байру үчүн франциялыктардын 18 пайызы добуш берген.

XS
SM
MD
LG