Кечээ Виктор Ющенко мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоону 27-майдан 24-июнга жылдырууга буйрук берди. Бул Украинанын саясий күчтөрүнө шайлоого жакшыраак даярданууга мүмкүнчүлүк берет деп билдирди президент. Өлкөнүн Конституциялык соту Ющенконун Жогорку Раданы таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүү чечиминин майзамдуулугу тууралуу бүтүмүн чыгара элек.