Казакстан президенти Кыргызстанда расмий сапарынын жүрүшүндө болгон жолугушуу учурунда Ысыккөлдүн жээгинен узак мөөнөткө ижарага алган пансионат, мейманканалары жана такталган чек ара жөнүндө кол койгон келишимдери кыргыз парламенти тарабынан бекитилбей, создуктурулуп жатканына кабатыр пикирин билдирди. “Биз эки президент менен тен бул туурасында макулдашууга кол койдук. Жерди кырк тогуз жылга алганга макул болдук. Төрт-беш жылдыз мейманканаларды курууга макул болдук. Бирок ал документтер тилекке каршы ратификацияланбай турат,-” деди Назарбаев. Казак президенти ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын ар бир квадрат метри, ар бир сантиметри такталса деле, Жогорку Кеңеш чек ара боюнча келишимге макулдугун бербей жатканын айтты. Назарбаев бул маселелердин жакында чечилээрине үмүт артып, бул болсо эки эл ортосунда ишенимди бекемдерин билдирди. (EBM)
14:45 Нурсултан Назарбаев: Ысыккөлдөгү менчигибиз чечилбей жатса көл менен туташтыруучу жолду куруп кереги не?