Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

16:05 Өрттөнүп өлгөн жарандын балдары шарттуу жаза алышты


Буга байланышкан чечимди кечээ Ленин райондук соту чыгарды. Президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун маалыматына караганда, Сабиров Абубакир 8 жылга, Сабиров Ибрагим 6 жылга шарттуу жаза алышты. Алар бир жылдан эки жылга чейин мыйзамга каршы аракеттерге барбаса, биротоло кутулуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Укук коргоо комиссиясы аталган жарандарды коргоо аракеттерин Сабиров Сабыржан өрттөнүп өлгөндөн кийин балдарынын арыздарынын негизинде башташкан. Сабиров Сабыржан жана анын эки уулу адам өмүрүнө кол салды деген айып менен кылмыш жообуна тартылышкан. Бул аракет өздөрүн коргоо үчүн жасалгандыгын узак убакыт далилдей албай койгон Сабиров Сабыржан жазында Жогорку Кеңештин алдында өзүн өзү өрттөп жиберген. (BuS)

XS
SM
MD
LG